• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек жана Чүйдөгү аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Бишкек шаарында жана Чүй облусунда аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө акчалай жардам, кийим-кече жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардамды берүү боюнча кайрымдуулук акциясына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акция министрлик менен “Ассанабил” эл аралык кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү.

Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү.

Ализа Солтонбекова биргелешкен кызматташтыктын негизинде социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим, толук жетим балдарга гуманитардык жардамдар дайыма көрсөтүлүп тургандыгын белгилеп өттү.

“Биз көп жылдан бери “Ассанабил” фонду менен иштешип келе жатабыз. Биз мындан ары да кызматташтыгыбызды бекемдеп, калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн демөөрчүлөрдү тартабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий