• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы октябрь айына чейин узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачык соттук уланууда. Отурумда судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүн жактоочулар айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Башкы прокуратуранын башкармасынын жетекчисинин орун басары Эльмира Жумашова “Кабар” агенттигине билдиргендей, сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын 12-октябрга чейин узарткан. Ал эми мурунку финансы министри Ольга Лаврованын өлкөдөн чыгууга салынган тыюунун мөөнөтү ошондой эле узартылган.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий