• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке Европа биримдигинин жогорку комиссары Могерини келет

Саясат 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Эртең, 6-июлда Бишкекке Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини расмий визит менен келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, визиттин алкагында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча жаңы келишимди парафирлөө күтүлүүдө.

Андан тышкары, Бишкекте өтө турган БА өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-жыйынында Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгы талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий