• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 19 жаштагы кызды поезд сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда Бишкекте 19 жаштагы кызды поезд өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Белгиленгендей, милицияга билдирүү саат 02:30да түшкөн.

Аталган факт Биринчи май райондук милициясынын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

“Кыздын өздүгү такталды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө

Пикир

Оставить комментарий