• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкциялар демонтаждалды

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы бир жуманын ичинде борбор калаадагы 200дөн ашык көрнөк-жарнак жана конструкцияларды демонтаждады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча эскертүүлөрдү берет.

"Учурда 5-кичирайондогу № 82 үйдүн жанындагы узундугу 16х5 метр болгон темир тосмолорду демонтаждоо иштери башталды. Мындан тышкары, Көк-Жар конушундагы темир контейнер демонтаждалды", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий