• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте №226 автобуста контролерго кол салуу болгон

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бишкекте №226 автобуста контролерго кол салуу болгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү башка бирөөнүн «Тулпар» льготалык картасын колдонгон. Аны аныктаган контролер жүргүнчүдөн картасын алып коюуну чечкен, ошондо жүргүнчү контролерге кол салган.

Видеодо көрүнгөндөй контролер милиция чакырам деген соң, жүргүнчү автобустан түшүп кеткен.

Иш укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Мэрия өзүнүн картасын башкаларга берүүгө жана бирөөнүн картасын колдонууга тыюу салынарын эскертет. Мындай учурларда контролерлор жүргүнчүлөрдөн транспорттук карталарды алып коюуга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий