• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды.

Мэриянын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 7-мартта мектепке окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык билдирүү келип түшкөн.

Анын негизинде мектеп администрациясы тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөрдү.

Мектеп 11-мартта тарта эки күнгө онлайн окууга өттү. 12-мартта мектепте тиешелүү санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Жогорудагы окуучу менен байланышта болгон классташтары жана мугалимдери үчүн рентген аппаратынан өтүү маселеси мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Пикир

Оставить комментарий