• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте аялдамаларды жууп-тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги аялдамаларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жууп-тазалоо иштерине 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды.

"Учурда Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларды жууп-тазалоо жүргүзүлдү", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий