• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте аялдамалардын аймагын көрктөндүрүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкекте аялдама комплекстердин аймагын көрктөндүрүү уланууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде аялдама менен тирөөчтөрдү демонтаждоо иштери башталды.

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде:

  • аялдама комплексинин чөнтөгү 3,5 метрге кеңейтилди;
  • жол бордюрларын орнотулду;
  • асфальт-бетон аралашмасын төшөлдү.

Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинин түндүк-чыгыш тарабында:

  • аялдама комплекси 50 погондук метрге кеңейтилди;
  • аялдаманын аймагы 6 метрге жылдырылды.

Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде:

  • аялдамага асфальтбетон аралашмасын төшөө иштери жүрүүдө;
  • жакында комплекстин өзүн орнотуу иштери башталат.

Иштерди "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий