• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте айрым коомдук унаалардын каттам жолу өзгөрөт – Мэрия

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Токтогул көчөсүнүн Исанов менен Үмөталиевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу айрым коомдук унаалардын каттам жолу өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, №222, 102, 195, 200, 110, 210 жана 266 каттамындагы коомдук унаалардын жол каттамы өзгөрөт:

- №222 каттамдагы унаа батыш багыты көздөй Киев көчөсү менен (Шопоковдон Жаш Гвардия бульварына чейин) каттайт;

- №102, 195 каттамдагы унаалар Москва көчөсү менен (Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейин) каттайт;

- №200 каттамдагы унаа Киев көчөсү менен эки багытта (Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин) жүрөт;

- №110, 210 каттамдагы унаалар батыш багыты боюнча Киев көчөсү менен жүрөт;

- №266 каттамдагы унаа батыш багыты боюнча Киев көчөсү менен (Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин) жүрөт.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин коомдук унаалар мурдагыдай каттай баштайт.

Пикир

Оставить комментарий