• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин жыйыны өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) жетекчилеринин жыйыны өтүүдө.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн ушул залда мамлекеттин бүт аймактары боюнча социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абалга жооп бере турган адамдар отурат.

“Биз эки жылдан бери жакшы демилгени баштадык. Жыл башында аймак жетекчилеринен отчет алабыз, пландарды угабыз жана окутуп-үйрөтөбүз. Бул жума да сиздер үчүн өтө пайдалуу болушу керек. Бүгүн аймактардагы жогорку окуу жайлардын ректорлорун да чакырдык. Илим менен практика бирге жүрүшү керек жана окуу жайлар жергиликтүү элдин муктаждыктарын, айрыкча кадрларга болгон муктаждыкты канааттандырууга жана аймактын өнүгүүсүнө тикелей катышууга милдеттүү”, - деди ал.

Белгилей кетсек, жыйындын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери 2023-жылга жасаган иштери боюнча отчет берип, 2024-жылга карата иш-пландарын сунуштайт. Андан соң тренинг уюштурулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий