• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Баатыр баяны” тасмасы көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан «Баатыр баяны» тасмасынын көрсөтүүсү уюштурулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тасма “Куткелди фильмс” киностудиясы тарабынан тартылган. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө кинорежиссер М.Учкеев башкы каарман Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Тукубай Тайгараев тасманын жаралуу тарыхы жөнүндө айтып берди.

Иш-чарага Ленин районунун муниципалдык администрациясынын жетекчилери, Ленин районун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана райондун жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Көрсөтүүдөн кийин тасманын режиссеру окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Иш-чаранын максаты - келечек муундун патриоттук сезимин калыптандыруу, Ата Мекенди сүйүү жана урматтоо, жаркын келечек үчүн жанын берген ата-бабаларыбыздын тарыхын унутпоо болуп саналат.

Иш-чара КР президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий