• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бак-дарактарды дарылоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.05.23./Кабар/. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардагы бак-дарактарды дарылоону улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда ишкананын адистери жана агрономдору Шабдан-Баатыр, Байтик-Баатыр көчөлөрү, Эмен паркы, Жаштар аллеясында феромондук тузактарды орнотууну баштады.

Курт-кумурскаларда феромондор байланыш үчүн колдонулат. Ар кандай курт-кумурскаларда феромон өзүнүн химиялык курамына ээ.

Мындай тузактардын дагы бир артыкчылыгы - алардын экологиялык тазалыгы жана коопсуздугу, алар адамдарга, жаныбарларга, жада калса пайдалуу курт-кумурскаларга да зыян келтирбейт.

Пикир

Оставить комментарий