• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бактарды кыйган курулуш компаниясына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 27.03.22. /Кабар/. Ак-Өргө конушундагы Кырк-Кыз көчөсүндөгү объектилердин жанындагы бактарды “Лист” курулуш компаниясы кыйгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай жосун үчүн ишканага 179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, 17 миң сом айып салынды.

Ошондой эле коңшу жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, “Акылдаш” ишканасына (Киев көч., 135), “KG Мебель” дүкөнүнө (Матросов 3а) айып салынган. Бул категориядагы айыппулдун өлчөмү 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин.

Мындан тышкары, «Чыгыш-5» кичи районунда курулуш таштандыларын ыргытуу фактысы катталды. Жеринде 115-берененин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, шаар тургуну Асановго 7 миң 500 сом айып салынды.

Белгилей кетсек, мэриянын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.

Бишкек мэриясы жарандарга инспекциянын ишине тиешелүү кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун эскертет:

- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий