• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте бутунун манжаларын үшүк алган адам ооруканага жаткырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бишкекте сутка ичинде бутунун манжаларын үшүк алган бир адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркаган жаран Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдары штаттык режимде иштеп жатат. Электр энергиясы авариялык өчүрүүгө дуушар болсо, реанимация бөлүмдөрүндө жана вакцина кампаларында генераторлор даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий