• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда он күндүн ичинде 300дөн ашуун мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда он күндүн ичинде 319 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-10-январь күндөрү аталган башкармалык өлкө аймагында "Рулда" рейдин өткөрүп, 15 миң 853 жол эрежесин бузуу фактыларын аныктаган.

Алардын ичинен:

- унаа каражаттарын тийиштүү документтери жок башкаруу - 294 ;
- мас абалында унаа башкаруу - 319;
- ылдамдыкты ашырып айдоо - 2 663;
- жол белгилерине баш ийбөө - 5 443;
- каршы тилкеге чыгуу - 350;
- автоээнбаштык - 8 ;
- төлөнбөгөн айып пулдары үчүн унаа башкаруудан четтетүү - 306;
- башка жол эреже бузуулар - 6 470.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий