• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкөгө дээрлик 700 миң сомго мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Өлкөгө дээрлик 700 миң сомго мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында Э.И.Н. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11 миң 647 килограмм болгон жүзүм жана курма табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 697 миң 270 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий