• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Россиялык аял согуш ок дарылары менен КРдин Жогорку сотуна кирүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Россиянын жараны согуш ок дарылары менен Кыргызстандын Жогорку сотуна кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда 40 жаштагы аял Жогорку соттун имаратына кире беришинде текшерүү учурунда кармалган. Анда 7,62мм калибрдүү ок дары табылган.

Кармалган аялга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүнүн эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы тууралуу маалымат жок.

Массалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, кармалган аял – РФнын жараны, чыгыш Украинада согуш зонасынын снайпери. Текшерүү учурунда жанында снайпердик мылтыктын огу болгон.

Пикир

Оставить комментарий