• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Зыян 2,6 млн сомдон ашуун. Бажычылар аткезчилик жолу менен келген унааларды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бажы кызматкерлери автотранспорттук каражаттардын контрабандасын аныкташты. Келтирилген зыяндын суммасы 2 600 000 сомдон ашат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташып келүү жана Кыргызстанда төмөнкүдөй автотранспорттук каражаттарга бажы операцияларын ишке ашырбастан алгачкы каттоо аркеттерин жүргүзүү фактысы аныкталган:

- 2017-жылы чыгарылган- “Lexus NX200”;

- 2012-жылы чыгарылган – “Toуota Land Cruiser Prado”;

- 2014 -жылы чыгарылган – “Mercedes-Benz GL-500”;

- 2012 -жылы чыгарылган – “Mercedes-Benz GL-350”.

Мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 680 397,24 сомду түзгөн.

Бул факт КЖБР МЭЖ АМСке катталган, материалдар КР Башкы прокуратурасына тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий