• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте "Ч.Айтматов жана театр" фестивалы өтөт

Коом 0

Талас. 08.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. 12-17-ноябрда Бишкекте 6 өлкөнүн чоң театрлары катышкан "Чыңгыз Айтматов жана театр" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Талас облусунда Ч. Айтматовдун мааракесине катышып жаткан маданият министри Азамат Жаманкулов жазуучунун 90 жылдыгын Таласта белгиленишин өтө маанилүү деп эсептерин белгиледи.

"Бүгүн Таласта Чыңгыз Айтматов атабыздын 90 жылдыгы белгиленип жатат. Быйыл билесиздер, мааракени Кыргызстанда гана эмес, Нью-Йорктон баштап Стамбулга чейин бүтүн дүйнөдө белгилеп жатабыз. 90 жылдыктын Таласта белгилениши өзгөчө деп эсептейм. Анткени, Ч. Айтматов ушул жерде чоңойгон, киндик каны тамган жери, чыгармаларындагы окуялар, жерлер Талас облусунда жайгашкан", - деди маданият министри.

Ошондой эле министр алдыда улуу жазуучунун урматына уюштурула турган иш-чаралар тууралуу сөз кылды.

"Бишкек шаарында 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин 5-6 өлкөнүн ири театрлары катышкан "Ч.Айтматов жана театр" аттуу фестиваль өтөт. Ал жерде күнүнө 5-6 спектаклдан коюлат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Россия мамлекетинен келген театр өкүлдөрү өздөрүнүн эң мыкты спектаклдерин көрсөтүшөт", - деди ал.

Мындан тышкары А. Жаманкулов жазуучунун туулган күнүнө - 12-декабрга карата өткөрүлө турган чоң мааракеге даярдыктар көрүлүп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий