• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте дүлөйлөр арасында таэквандо боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Күн мурун, 26-мартта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда дүлөйлөр арасында таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты старт алды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, салтанаттуу ачылыш аземде департаменттин директору Айбек Абдымомунов сөз сүйлөп, сурдочемпионаттын конокторун куттуктады.

“Сиздер эрдиктин, чечкиндүүлүктүн, ар-намыстын жана улуулуктун символусуңар. Силерди көрүп дүйнө эли, анын ичинде бүтүндөй кыргызстандыктар шыктанат. Бүгүн “адамдын мүмкүнчүлүгү эч качан чектелбейт” деген сөздү тастыктап турасыздар”- деди ал.

Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 14 өлкөдөн - Гонконг, Греция, Казакстан, Кытай, Корея, Латвия, Мексика, Өзбекстан, Тайвань, Тайланд, Украина, Габон, Хорватия жана Кыргызстандан жалпы 120 спортчу күч сынашууда. Дүйнө чемпионаты 30-марта жыйынтыкталат.

Кыргызстандын атынан 13 спортчу (5 эркек, 8 кыз-келин) катышып жатат:

Эркектер арасында:

Дильфат Именов;
Баястан Жеңишов;
Азамат Мавлонов;
Арстанбек Турдалы уулу;
Атай Азизбек уулу.

Кыз-келиндер арасында:

Асылхан Турдукулова;
Айганыш Саржанова;
Гүлжан Жаналиева;
Айгерим Даниярова;
Шахида Амирова;
Күнсулуу Олжобай кызы;
Бермет Марсбекова;
Сабина Карыбекова.

Пикир

Оставить комментарий