• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Дача СУ айылында учак кырсыгынан жабыркагандарга акча таратылды

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Бишкекте Боинг учагынын кыйроосунан жабыркаган Дача СУ айылынын жашоочуларына Кыргызстандын элинен чогултулган акча каражаты тапшырылды.

Жалпысынан 5 млн сом чогулган, ал алган залалдарына ылайык, андан тышкары ата-энесинин камкордугусуз калган, турак-жайсыз калган 26 адамга бөлүштүрүлүп берилди.

“Учак кырсыгынан кийин дароо эле жабыркагандарга жардам чогултуу башталган. Мурда биз жардамга өтө муктаждарга каражаттын бир бөлүгүн таратып бергенбиз, бүгүн негизги сумманы 26 адамга – бул банктык карталарга бөлүштүрүп жатабыз, алардын эсебине акча которулат”,-деди “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун башчысы Динара Аляева.

Акча “Демир банктын” жардамы менен “Жардам берүү оңой” коомдук фонду, Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому тарабынан чогултулду.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындан тышкары акча каражаты КРнын Өкмөтүнүн колдоосу менен дагы чогултулган, ӨКМнын эсеби боюнча 96,5 млн сом жыйналган, ал азырынча жабыркагандарга бөлүнүп бериле элек.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 16-январда Боинг 747 жүк ташуучу учагы “Манас” аэропортуна коно албай, жакын жердеги Дача СУ айылына кулаган. Учак Гонконг – Бишкек – Стамбул каттамы боюнча учуп бара жаткан. Учак кырсыгынын натыйжасында 38 адам каза болгон, анын ичинде 4 адам экипаждын мүчөлөрү. Кырсыктан кийин жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү максатында акча каражатын которуу үчүн эсеп ачылып, гуманитардык жардам чогултула баштаган.

Пикир

Оставить комментарий