• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Чүйдөн табылды

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери өспүрүм кыздын жүргөн жерин аныктап, аны ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти.

Эскерте кетсек, 2-мартта милицияга Д.З. аттуу аял кайрылып, кызы 16 жаштагы Сезим Боронова 28-февралда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий