• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий-теориялык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий-теориялык конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында илимдин өнүгүүсү” аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция 25-августта саат 10:00дө Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында өтөт. Иш-чаранын программасы менен бул жерден таанышууга болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 31-августта эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий