• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте футзал боюнча кыздар арасында өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Бишкекте футзал боюнча кыздар арасында (U-16) Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Футбол бирикмесинен кабарлашты.

Чемпионат 10-14-февраль күндөрү Бишкектеги "VIVAT" комплексинде өттү.

Мелдешке 7 команда: "Беловодск", "Таш-Көмүр", "Теңир-Тоо", "Кызгалдак", "Ысык-Көл", "Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорт мектеби" (Чүй облусу) жана "Азалия - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби" (Бишкек шаары) катышты.

Оюндун финалында "Азалия - олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби" Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы спорт мектебин 6:0 эсебинде жеңип, биринчи орунду камсыздады.

Ал эми "Таш-Көмүр" командасы "Ысык-Көлдү" 6:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.

Пикир

Оставить комментарий