• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте Горький көчөсүнүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн. Маселе талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкекте Максим Горький көчөсүн Шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүү маселеси талкууланууда.

“Кабар” агенттигине “Бишкекбашкыархитектуранын” басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда аталган маселе шаардык бийлик органдары тарабынан талкууланууда. “Көчөнүн аталышын өзгөртүү маселесин комиссия карай элек”, - деп билдиришти ведомстводон.

Маалымат үчүн: Заид ибн Султан ибн Заид ибн Халифа Аль Нахайян – Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти (1971-2004- жылдары), Абу-Дабинин эмири (1966-2004-жылдары).

Пикир

Оставить комментарий