• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте ирригациялык тармактарды тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаардагы арыктарды тазалоо иштерин улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жашылдандыруучулар Анкара көчөсүндө Чолпон-Ата көчөсүнөн баштап Виноградный көчөсүнө чейин, 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, Горький көчөсүндө Манас проспектинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, ошондой эле Манас проспектисинде Чокморов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин тазалоо иштерин жүргүздү.

Мындан тышкары, жашылдандыруучулар отоо чөптөн жашыл аймактарды тазалап жатышат.

Ирригация тармактарын тазалоо күчөтүлгөн режимиде декабрь айынын аягына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий