• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кампадан ири өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Матросов көчөсүндө (Сырбазанын аймагы) жайгашкан кампадан өрт чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалын 9-июнга караган түнү катталып, жерине 10 күжүрмөн эсеп тартылды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан бир топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Штаб тартылган.

Мындан сырткары, жеринде дагы ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, "Тазалык" ишканасынан суу ташуучу унаа тартылды.

Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 куб метрди түзөт.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды.

Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду.

Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий