• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кар жаап жатат. Шаардык кызматтар штаттык режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Бишкекте шаардык кызматтар көчөлөрдү жана тротуарларды кардан тазалоо иштерин активдүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 121 жүктөгүч, 650 тазалоочу жана 715 жумушчу калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. Мындан тышкары, 38 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, 4 универсал УКМ, 4 «Беларусь» кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган.

"Эртең менен 20 тонна техникалык туз сарпталды. Туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор штаттык режимде иш алып барууда.

Саат 08:00гө карата коомдук транспорттун чыгышы төмөндөгүдөй:

- Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын автобустары - 83 бирдик;
- "Бишкек троллейбустар башкармалыгы" муниципалдык ишканасы -129 троллейбус;
- Кичиавтобустар – 670 даана;
- «ЭкоЖүргүнчүлөрдүТашуу» ЖЧКсынын -101 жана «ШыдырЖолКейЖи» ЖЧКсынын - 10 автобусу;
- Ошондой эле «АламүдүнАвтоТранс" МИнин - 4 бирдиги.

"Урматтуу шаардыктар! Эгерде жолдордун, тротуарлардын тазаланбаганына күбө болсоңуз, борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыздар", - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий