• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте коронавирус менен ооругандар үчүн 482 орундук бош. Акыркы маалыматтар

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 9-август, саат 10:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 482 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда - 18;

- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 94;

- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 42;

- Улуттук кардиология жана и терапия борборунда - 14;

- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 34;

- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 46;

- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 25;

- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 20;

- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 62;

- Республикалык наркология борборунда – 58;

- Аскер госпиталында – 20;

- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 20;

- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 29 бош орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий