• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте куткаруучуларга атайын шаймандар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "161" куткаруу кызматына атайы куткаруу шаймандары тапшырылды.

Министрлик тарабынан буга чейин өлкөнүн казынасынан 35 млн сомго алынган куткаруу шаймандарынын ичинен 20 орундуу эки чатыр, 4 жарык берүүчү каражат, заманбап "Holmatro" авариялык-куткаруу шайманы, кескичтер, балка жана автономдук жылыткычтар бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн каражатка суучулдардын кийимдери, үйлөмө кайык, байланыш каражаттары, куткаруучулардын машыгуусу үчүн спорттук шаймандар да алынган.

Расмий тапшырууга ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Жусупов жана Куткаруу кызматынын өздүк курамы катышты.

Пикир

Оставить комментарий