• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте кыйноолор жана зомбулукка байланышкан көйгөйлөр талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Кыйноолордун жана зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” аталыштагы эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

“Конференция улуттук консультациялык форматта КРнын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен биринчи жолу өткөрүлүп жатат”,-деп билдирди КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

Иш-чаранын негизги максаты кыйноолорго жана зомбулукка байланышкан көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун ачык талкуулоо болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, жыйынга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар жана ички иштер органдарынын ардагерлери кеңири чөйрөдө жолугуп отурабыз.
Ошондой эле, Курсан Асанов биздин эл аралык конференциянын башкы жана эң маанилүү өзгөчөлүгү болуп, президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович тарабынан белгиленген мамлекеттик саясаттын багытына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши ачык-айкындуулукту көрсөткөндүгү эсептелет. Муну менен бирге, биздин мамлекет дагы бир жолу заманбап коомдогу демократиялык баалуулуктарды туруктуу жактай тургандыгын белгилейт, анда негизги артыкчылык болуп адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Асел Кодуранова, депутаттар Ирина Карамушкина, Айнуру Алтыбаева бүгүнкү ИИМдин демилгеси менен өткөрүлгөн Эл аралык конференцияга ыраазычылыгын билдиришип, мындан ары кызматташтыкта болуп, көмөк көрөтүү ниеттерин айтышты.
Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинен Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубаевна, “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рахматовалар Ички иштер министрлиги биринчи жолу кыйноо жана зомбулук, алардын курмандыктарынын укуктарын коргоо боюнча өздөрү маселе көтөрүп чыккандыгы алар үчүн өтө таң калыштуу, күтүлбөгөн иш-чара болуп, ошол эле учурда бул иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүн баса белгилеп, ыраазычылыгын билдиришти. ИИОнун ишмердигине ар тараптуу жардам бере тургандыгын баса билдирди. Ошондой эле, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Ички иштер министрлигине жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүүдө, б.а. видео байкоо орнотуу, аппараттык-программалык камсыздоону иштеп чыгууда, убактылуу кармоочу жайларды капиталдык ондоодон өткөрүү, жаңы имарат куруу боюнча, дагы жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында жардам берүүнү бир ооздон айтышты.
Ички иштер министрлиги алгачкы жолу мындай маселени коомго алып чыгып, аны кеңири масштабда талкууга коюп, чечүүчү маселелерди кабыл алып жаткандыгын коомчулуктун колдоосуна алынды.
Иш-чаранын аягында рекомендация кабыл алынып, көйгөлүү маселелерди алдын алуу, аларды болтурбоодо бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар жана коомчулук менен биргелешип иш алып алып баруу чечими кабыл алынып, ар бир тармакка өзүнчө атайын багыттар белгиленип, анын чечүү жолдору аныкталды.
Өз кезегинде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ИИМге айтылган сын-пикир, сунуш, колдоолор жетекчилик тарабынан туура кабыл алынгандыгын белгилеп, иш чаранын катышуучуларына терең ыраазычылыгын билдирип, мындан ары кызматташууга дайым даяр экендигин айтып, жогорудагыдай көйгөйлөр ИИМде сөзсүз түрдө кескин азая тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий