• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын аскердик кызматташуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-майда КР коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси полковник А.Р.Абилдаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомсвтволорунун ортосунда эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Бул багытта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы кол коюлган акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун алкагында КРнын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жабдууларды жеткирүү кызматташуунун маанилүү аспектиси болуп саналат.

Ошондой эле тараптар Казакстандын Коргоо министрлигинин аскердик окуу жайларында аскер кадрларын даярдоо маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары, ушул жылы ЖККУ жана КМШнын алкагында өткөрүлө турган ар кандай машыгууларга эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий