• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстандын кесиптик-медициналык ассоциацияларынын биринчи форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Эртең, 22-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын кесиптик-медициналык ассоциацияларынын биринчи форуму өтөт.

Форумда Кыргызстандагы кесиптик медициналык ассоциацияларды өнүктүрүү маселелери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.

Форум чечим кабыл алуучу негизги адамдарга саламаттык сактоо тармагын кадрлар менен камсыздоо жаатындагы актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр тууралуу маалымат берүү, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоо жана саламаттык сактоо системасындагы кесиптик ассоциациялардын ролун күчөтүү максатында уюштурулган.

Форумга Жогорку Кеңеш, өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Швейцария элчилигинин, медициналык кесиптик-коомдук уюмдардын негизги өкүлдөрү, дарыгерлери катышат. Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстандын улуттук кесиптик ассоциацияларынын жетекчилери форумга ардактуу конок катары катышары күтүлүүдө.

Иш-чара Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук кесиптик- медициналык ассоциациялары менен аймактык кызматташтыкты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзөт.

Форум КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз медициналык ассоциациясы тарабынан Швейцариянын «Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоору (MER долбору) менен биргеликте уюштурулду.

Долбоордун үчүнчү фазасы кесиптик медициналык ассоциациялар менен бирге саламаттык сактоо тармагында эмгектенишкен адистерди даярдоо потенциалын жана анын сапатын, ошондой эле адистердин медициналык билим берүүдөгү ролун жогорулатуу үчүн медициналык билим берүү системасына өткөрүлүп жаткан реформа иштерин андан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий