• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте маршрутканын мас айдоочусу кармалды – видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте №146 жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын мас айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда мас абалындагы айдоочу маршрутканы башкарууга аракет кылган видео тараган.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкери тийиштүү чараларды көрүп, аталган маршруттук унаа убактылуу токтотуучу жайына киргизилди. Ал эми айдоочусуна карата Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тиешелүү протокол толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий