• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте медиа мейкиндиктеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын 200дөн ашуун кызматкерлери өлкөнүн азыркы учурдагы журналистикасынын негизги маселелерин Өнөктөштүк медиа конференциясынын жүрүшүндө талкууга алышты. Бул медиа конференция маалымат жана басма сөз күнүнө карата өткөрүлдү. Иш-чарада медиа мейкиндиктеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарада жалпыга маалымдоо каражаттарынын, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын, Жогорку Кеңештин, профессионалдуу медиа уюмдарынын, Эл аралык уюмдардын, Өкмөттүк эмес уюмдардын, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары АйнураТемирбекова өзүнүн сөзүндө акыркы жылдарда Кыргызстандын медиасы биргелешип күрөшүүнү талап кылган жаңы чакырыктарга дуушар болгонун баса белгиледи. Бул багытта бир гана журналисттердин коомчулугунун гана эмес, өлкөдөгү бардык коомдун консалидациясынын күчтүү аракети зарыл.

Иш-чаранын программасындагы пленардык талкуулардын алкагында журналисттердин ишмердүүлүгүндө алардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Медиа Полиси Институтунун эксперттери, ЖМКга болгон арыздарды кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана Көз карандысыз журналисттер Кеңешинин жетекчилери журналисттерге болгон зордук-зомбулук фактылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн коргоочу мыйзамдар тууралуу айтып беришти. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда аларга кол салган адамдардын жоопкерчилиги тууралуу талкуу өттү.

Мындан тышкары, Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери жана бул процесстеги сыналгынын (ТВ) ролу да кызуу талкууланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын телерадио уюмдарынын Ассоциациясынын, Индустриялык медиа комитетинин өкүлдөрү жана телерадио уюмдарынын жетекчилери айтып өтүштү. Ошондой эле, конференция учурунда “Гендердик стереотиптерден гендердик зордук-зомбулукка чейин” деген актуалдуу темада докладдын презентациясы угулду.

Уюштуруучулардын чечимине ылайык бул медиафорум жыл сайын өткөрүлөт. Ар жыл сайын иш-чаранын темасы өзгөртүлүп турат. Медиа багытындагы эң орчундуу көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүү пландаштырылууда.

Уюштуруучулар: КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар Департаменти.

Өнөктөштөр: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасы, Интерньюс-Кыргызстан, Согуш жана тынчтыкты чыгылдыруу Институту, “Сорос-Кыргызстан” Фонду, “Институт Медиа полиси” КФ, “Медиа өнүгүү борбору” КФ, Кыргыз Республикасындагы телерадио уюмдарынын Ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз журналисттер союзу жана Биргелешкен Медиа комитет.

Пикир

Оставить комментарий