• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап, ата-энесине жеткиришти

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап, ата-энесине жеткирип беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-мартта болжол менен саат 19:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке дароо жетип келген келген Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда 2013-жылы туулган М.М. аттуу кичинекей кыз үйүн таппай адашып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери жеринен чечим кабыл алып, кичинекей кызды кызматтык унаага отургузуп, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирип беришкен.

Ал жерден кыздын жашаган дареги аныкталып, ата-энеси чакыртылып, апасына сак-саламат өткөрүп беришкен. Өз кезегинде кыздын апасы кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий