• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерди түрттүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордогу мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, “Дордой” конушунда “Наар” компаниясы өз билемдик менен тургузган жеңил типтеги объектилер түрттүрүлүүдө.

Буга чейин объектилердин ээлерине мыйзамсыз тургузулган объектилерди өз ыктыяры менен алуу тууралуу билдирүү берилген. Бирок алар, ал талаптарды аткарган эмес.

Пикир

Оставить комментарий