• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.01.23. /Кабар/. Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин кармалышы боюнча иштин чоо-жайын айтып берди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 14-ноябрында саат 09:13дө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына борбордук шаардык өлүкканадан жаш баланын сөөгү келип түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

"2022-жылдын 13-ноябрында саат 07:00 чамасында бала ашказаны ооруп, ооруканалардын бирине түшкөн, саат 12:30да бейтап башка оорукананын реанимация бөлүмүнө которулуп, ошол жактан эсине келбей каза болгону аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин "Медицина же фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы" боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А. 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г.лар кармалып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Дарыгерлер убактылуу кармоочу жайга, андан соң соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 10-январына чейин СИЗО-1ге камалган.

Пикир

Оставить комментарий