• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте орточо айлык акы 462,3 долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Август айында Бишкекте орточо айлык акы 462,3 АКШ долларын түздү, деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Астанада орточо айлык акы 1 миң 48,1 доллар, Москвада - 1 миң 598,9 доллар, Минскте - 857,3 долларды түздү.

Буга чейин республика боюнча бир жумушчунун орточо айлык акысы 2023-жылы январь-март айларында 30 миң 729 сомду түзгөнү маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий