• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте таштандыларды жер астында чогултуу, сактоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы таштандыларды жер алдында чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик сатып алуулар сайтында долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланды. Тендердик табыштамалар 2021-жылдын 17-декабрында, саат 14:00гө чейин берилиши керек.

Бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан «Бишкек шаарынын катуу калдыктарын чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул ыкманын аркасында шаар көчөлөрү эстетикалык көрүнүшкө ээ болот.

Ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана аймактардын жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт. Эң негизгиси, кабыл алуу пункттары мындан ары кароосуз калган жолбун жаныбарлар топтолгон жай болбойт.

Пикир

Оставить комментарий