• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте Жээнбеков менен Баттулганын расмий жолугушуу аземи болду

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Монголия президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен кийин Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстанга расмий визиттин алкагында Монголия президенти Халтмаагийн Баттулганын Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Монголия президентинин катышуусу менен Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы болот.

Пикир

Оставить комментарий