• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу Швейцария элчилиги менен биргеликте Бишкекте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган тегерек стол уюштурду. Бул тууралуу ЖӨБ союзунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлүп, элдин бийликке болгон ишеними жогорулайт жана ажырым кыскарат.

"Бирок, муниципалитеттер үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ар дайым эле жеңил эмес, ошол эле учурда аларды чечүүдө коомчулуктун дагы катышуусуна муктаж. Анткени, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү көпчүлүк учурда чектелүү болот. Бул маселелерди чечүүнүн дагы бир жолу жергиликтүү демилгелер болуп саналат", - деп айтылат маалыматта

КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу жана өнөктөшү “Элдин үнү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен биргеликте республика боюнча кызыкдар айыл өкмөттөрү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди жарандардын катышуусу менен чечүү формасын ишке киргизүү максатында атайын окутууларды өткөрүп, жыйынтыгында 7 облустан 7 айыл өкмөтү пилоттук катары тандалып алынган.

2021-жылдын сентябрь айынан баштап 2022-жылдын январь айы ичинде пилоттук айыл өкмөттөрү менен биргеликте жергиликтүү демилгечилердин катышуусунда бир топ жергиликтүү маселелер чечилди. Ошондой эле, жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу жана колдоо максатында пилоттук айыл өкмөттөргө долбоор тарабынан кичи гранттык колдоо көрсөтүлдү.

Долбоор аялдардын укуктарын коргоону (1-долбоор) жана кошууну (4, 5-долбоорлор) эске алуу менен айыл жеринин потенциалын жогорулатууга жана ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган төмөндөгүдөй социалдык-маданий идеяларды камтыды:

  1. “Сергек жаша” (аялдар үчүн спорт зал уюштуруу) жана “Талант тамыры элде – тартуулайлы элге” (бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү жамааттын маданиятын өнүктүрүү”;
  2. “Жалпы пайдалануучу жайларды жарыктандырууну уюштуруу”;
  3. “Балдар үчүн бий студиясы”;
  4. “Атам, апам жана мен” жана “Жомокторго саякат”;
  5. “Көчөлөрдү көрктөндүрүү” (Көчө жарыктарын орнотуу);
  6. “Сейил бак” (Парктын аймагын көрктөндүрүү).

ЖӨБ союзу жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы менен Бишкек шаарында жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу механизмдерин талкулоо жана ишке ашкан тажрыйбаларды башка айыл өкмөттөргө, мэрияларга жайылтуу максатында тегерек стол уюштурду.

Бул жобону жетекчиликке алуу менен бардык айыл өкмөттөр жана мэриялар жергиликтүү калкты тартуу менен жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселелерди чечүүгө багытталган бир нече долбоорлорду, идеяларды жана башка демилгелерди каржылап, уюштуруп жана ишке ашыра алышат.

Эскерте кетсек, иш-чара КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу тарабынан Швейцария элчилигинин “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (VAP) долбоорунун каржылык колдоосу менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий