• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жол оңдоо иштери жанданды

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Борбор калаада "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан участоктордун тизмеси:

- Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрелден Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жамалууда;
- Гагарин көчөсүнөн Ш. Руставели көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
- Ч.Айтматов проспектисинин резиденциядан баштап Жибек-Жопу проспектисине чейинки бөлүгүндө жол белгилери жаңыланууда;
- Профессор Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилери жаңыланууда.
-Алыкулов көчөсүнүн Селекция көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жаракаларды толтуруу иштери жүрүүдө.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий