• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунун жашоочуларынын жабыркаган үйлөрү мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан улам жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларынын үйлөрү мамлекеттин эсебинен толугу менен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

"Ошону менен бирге, калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон турак жайлар мамлекеттин эсебинен бекер курулуп берилерин белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин маалыматына караганда, Баткен облусунун аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн. Анын ичинен Баткен районунда 30 турак уй, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 2 мектеп, 2 чек ара заставасынын имараты, 1 бала бакча, ал эми Лейлек районунда 48 турак үй, 1 чек ара заставасынын имараты, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий