• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жылуулук берүү калыбына келтирилүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Бишкек шаарында жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат, деп билдирет ыкчам штаб.

Маалыматка ылайып, бүгүнкү күндө Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди.

Бул объектилер Пишпек районунда жана Ош базарына жакын жайгашкан.

Температуралык режимди жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Көп кабаттуу үйлөрдө орточо температура турукташып, жылуулук менен камсыздоо динамикасы жогорулап жатат.

Социалдык мекемелерде да температура режими толук көзөмөлдөнүүдө.

"Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын кызматкерлери бардык бузууларды жоюп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий