• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектеги №1 гимназия-интернатында Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкектеги А.Каниметов атындагы №1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернатынын базасында Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Иш-чаранын алкагында “топ таш”, “ордо”, “тогуз коргоол”, “жолук таштамай”, “кол күрөш”, “таяк тартыш”, “күрөш” улуттук оюндары, ошондой эле сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү. Ошондой эле мектеп окуучулары улуттук оюндарга кубануу менен катышып, «тушоо кесүү» салтына күбө болушту.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Маданий иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан муундарга улуттук баалуулуктарды жана каада-салттарды, үй-бүлөнүн жана достуктун баалуулугун үйрөтүү болуп саналат.

Соңунда мектеп окуучулары активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий