• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда апрелдин аягына чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-апрелден 30-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Бишкек шаарында 25-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 26-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Чүй облусунда 25-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордоа кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда 25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-апрелде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

28-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда 25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

27-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусунда 25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-30-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда 25-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24 апреля күндүз жана 25-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-27-апрелдерде айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий