• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жаңы төрт кабаттуу имарат курулууда

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер конушунда жайгашкан №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда төрт кабаттуу, жер төлөсү менен кошумча имарат курулууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жаңы имарат 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1 миң 402 чарчы метрди түзөт. Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунучу жайлар болот.

Мындан тышкары, долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.

Кошумча имарат куруу үчүн “Нак Строй” ЖЧК подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий