• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда коррупциялык иштердин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык пробация мекемеси шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен коомдук иштерди аткарууда коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу максатында жыйын өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, жыйында бир катар маселелер талкууланып, башка аймактарда коомдук ишти алып барган мекемелерде коррупциялык иштерге жол берилип жатканы, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнө мыйзам чегинде иш алып барылуусу керектиги айтылды.

Ошондой эле коомдук ишке тартылган жарандардын иштеген жерине пробация мекемесинин кызматкерлери текшерип барган учурда жок болуп чыкса, коомдук жумушка тартылган жаранга жана мекемеге акт түзүлөрү эскертилди.

Кылмыш жаза кодексине ылайык, соттун өкүмүнүн негизинде коомдук ишке тартылган жаранга 40 сааттан, 300 саатка чейинки убакытка коомдук иштер сот тарабынан дайындалып, аны пробация органдары тиешелүү мекеме ишканаларга өткөрүп берет.

Пикир

Оставить комментарий